Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети депутат Исхак Пирматов тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда карады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
«Өзбекстан жана Тажикстан менен визасыз режим киргизилгенден кийин ири суммадагы акчалар коңшу мамлекеттерге кетет. Анткени бул республикалардын жарандары Кыргызстанга келип иштешет», — деди мыйзам долбоорунун демилгечиси. Ал республикалык бюджет болжол менен 1 миллиард сом жоготорун жана бул жоготуулар жергиликтүү кеңештердин бюджеттеринин деңгээлинде болорун белгиледи. Ушундан улам, мыйзам долбоорунун демилгечиси Кыргызстанга акча табуу үчүн келген иммигранттар үчүн 500 сомдук патент киргизүүнү сунуштоодо. «Бирок өкмөт мыйзам долбооруна терс корутунду чыгарды», — деп кошумчалады депутат.
Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууга жөнөтүү чечими кабыл алынды.











