Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясынын келиши – кыргыз темир жолун жаңылоонун башталышы. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев «Бишкек-1» темир жол станциясында өлкөгө 10 вагондун алынып келишине байланыштуу өткөн иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинети 100 жүк ташуучу вагон сатып алуу чечимин кабыл алган.

«Бүгүн биз жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясын тосуп алуудабыз. Сиздерге маалым болгондой, ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Ушул жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик ишкананын финансы-экономикалык ишмерлиги жакшы темпте жүрүүдө жана анын кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомдон жогору болуп, бул сатып алууну жеке каражаттардын эсебинен жүргүзүүгө мүмкүндүк алган. Өлкө президенти тарабынан ишкана жетекчилиги астына «Кыргыз темир жолун» реформалоо, мурда орун алган коррупциялык процесстерди жоюу жана анын алдын алуу боюнча милдеттер коюлган. Министрлер кабинети «Кыргыз темир жолунун» составын модернизациялоо, заманбап талаптарга жооп берген жаңы локомотивдерди, жүргүнчү вагондорду сатып алуу максатында мындан ары карай дагы ишканадагы реформаларды колдоого умтулууда», — деди ал.

Мындан тышкары, ал Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты. «Жакынкы жылдары чоң реформалар жүргүзүлөт. Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жаңы темир жол магистралын куруу долбоору үстүндө иштөөдөбүз, бул ишкананын эл аралык деңгээлге чыгуусуна жана эл аралык жүктөр үчүн транзиттик коридорду камсыздоого мүмкүндүк берет. Балыкчы–Кочкор–Кара–Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүүдө», — деди Алиев.