Кыргызстанга Казакстандан 25 миң доза «QazVac» вакцинасы жеткирилди

25 миң дозадан турган QazVac вакцинасынын партиясы Кыргызстанга Казакстандан гуманитардык жардам иретинде келди.

Жүктү өткөрүп берүү аземи Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиевдин, Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевдин жана ушул вакцинаны иштеп чыккан Казакстандын Биологиялык Коопсуздук Көйгөйлөрү Изилдөө Институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

«Казакстандын вакцинанын биринчи партиясын жеткирүү президентибиз Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Казакстандын өкмөтү тарабынан уюштурулган. Вакциналар менен камсыздоо боюнча келишим эки өлкө президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында жетишилген. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жакшы коңшулаштык жана достук мамилелерди дагы бир жолу тастыктады”, — деди элчи.

Министр Бейшеналиев Казакстанга жана элчиликке кыргыз-казак өнөктөштүгүн жогорку деңгээлде колдоп бергендиги жана COVID-19 коронавирус инфекциясын жок кылуу боюнча милдеттенмеси үчүн ыраазычылык билдирди.

«QazVac» вакцинасын иштеп чыгуучулардын бири Ергали Абдураимов белгилегендей, бул вакцина менен 18 жаштан жогорку адамдардын бардыгын эмдөө сунушталат. 1 жана 2-дозалардын ортосунда сунуш кылынган аралык 21 күн. «Бүгүнкү күндө 300 миңден ашуун казакстандыктар эмдөөдөн өткөн, олуттуу терс таасирлери катталган жок. Технологияда ДССУ тарабынан бекитилген компоненттер колдонулат, бул стандарттуу технология. Бүгүнкү күндө бир дагы жагымсыз кесепеттер табылган жок», — деп белгиледи.