Кыргызстанга келген чет элдиктердин саны эки эсеге өстү

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата Кыргызстандын чек арасынан өткөн (келүүчү) чет элдик жарандардын саны 2,6 миллионду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет Чек ара кызматына шилтеме кылып билдирди.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч эки эсеге өскөн. Ошол эле учурда 97 пайызы же 2,5 миллиону КМШ өлкөлөрүнүн жарандары чек арадан өткөндөрдүн үлүшүнө туура келген. Келгендердин көбү Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандары.