«Кыргызстанга кетейинчи» деген япон кызынын видеосу тарады

Учурда социалдык тармактарда кыргыз тилинде сүйлөгөн япон кызынын видеосу тарап жатат.

Анда кыз Японияда жер-жемиштер кымбат экенин, 1 алманы апасы менен бөлүшүп жей турганын ал эми Кыргызстанда жер-жемиш күндө жегенин айтат. Ошондой эле суук болгондуктан үйдө жылуу кийим кийип жүрүү керектигин айтып, «Кыргызстанга кетейинчи» дейт ал.