Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.
Кеңешмеде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана ведомствонун башка кызматкерлеринин маалыматы угулду. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. Ошол эле учурда калкты, атап айтканда, кары-картаңдарды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы дагы бир ирет белгиленди.
Андан соң жыйындын катышуучулары омикрон штаммынын өлкөгө кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүдө ПЦР маалымдамаларынын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болду.
Мындан тышкары, Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир жаран аталган дозаны өз алдынча тандап ала алат жана бүгүнкү күндө республикада вакциналардын жетиштүү запасы бар. Министрликтин буйругуна ылайык, бустердик кошумча доза алгачкы эмдөөнүн толук курсу аяктагандан кийин кеминде алты айдан кийин алынышы керек.