Кыргызстанга Казакстандан гумжардам катары келген 10 миң тонна ундун сактоо мөөнөтү өтүп кеткенби? ӨКМдин жообу

20-22 июнь күндөрү социалдык тармактарга жана айрым ЖМКларга «Казакстандан Кыргызстанга гумжардам катары келген 10 миң тонна ундун сактоо мөөнөтү өтүп кеткен» деген туура эмес маалымат чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бул маалыматка ӨКМдин алдындагы мамлекеттик материалдык резервдер фондунан түшүндүрмө беришти. «Май айында чындыгында эле Казакстандан гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун келген. Ундун сапаты ЕАЭБдин стандартына жооп берет. Бирок өлкөдө июнда аба ырайынын табы 32-35 градуска чейин жетти. Ал эми июлда абанын табы мындан да ысыйт деп болжолдонууда. Бул унду сактоого терс таасирин тийгизет. Тактап айтканда, эшиктеги аба ырайынын жогорулашы кампада сакталган унга терс таасирин тийгизет», — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, ошол үчүн 10 миң тонна унду буудайга алмаштыруу сунушталган.