Кыргызстанга Кытайдан «Синофарм» вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинди

Бүгүн, 11-июлда Кыргызстан Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 1 миллион 250 миң доза вакцинасын алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен 1 миллион 100 миң доза вакцина сатып алынгандыгы, 150 миңин кытай тарап акысыз бергендиги маалымдалган.

Май айында Кытай Кыргызстанга 150 миң доза вакцинанын экинчи партиясын акысыз берген. Бирок Кыргызстан аны алып келүүдө түз каттамдагы учак жок экенин айтып, бөлүп берилген вакцинаны алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын айтышкан.