Кыргызстанга күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналарынын келиши күтүлүүдө

Күздө Sinopharm жана Pfizer вакциналары келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

Маалыматка караганда, COVAX механизминин алкагында сентябь айынын аягында Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө келери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүлүп жатат.

«2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши маселеси каралууда. Биз дипломатиялык каналдар аркылуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз менен келечектеги вакциналарды алуу боюнча ишти улантуудабыз», —деди ал.