Кыргызстанга март айынан бери 50дөй IT-компания көчүп келди

Кыргызстанга март айынан бери 50дөй IT-компания көчүп келди. Бул тууралуу Жогорку технологиялар паркынын аткаруучу директору Чубак Темиров билдиргенин «Экономист.кг» басылмасы жарыялады.

Анын айтымында, ушул жылдын март айынан бери паркта 50дөн ашуун компания жана жеке ишкерлер катталган. Алар Орусия, Беларусь жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн келишкен.

«Айрымдары үй-бүлөлөрү менен, айрымдары кызматкерлерин көчүрүп келишти. Келгендердин саны көп. Бул Кыргызстанга оң таасирин берет. Негизинен жогорку квалификациялуу адистер келишүүдө. Айрым эл аралык компаниялар да көчүштү», — дейт ал.