Кыргызстанга Олимпиада спортчулары кайтып келишти (сүрөт)

Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандын намысын коргоо үчүн кеткен спортчулар өлкөгө кайтып келишти.

Кыргызстандын олимпиада спортчулары бар учак саат 12:45те «Манас» аэропортуна конду. Аларды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча министри Кайрат Иманалиев, спортчулардын ата-энелери, туугандары, машыктыруучулары жана күйөрмандары тосуп алышты.