Кыргызстанга Орусия өкмөтүнүн төрагасы менен Казакстандын премьер-министри келди

Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин келди.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.