Кыргызстанга Орусиянын ӨКМ башчысы келди (сүрөт)

Орусиянын жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Аны «Манас» эл аралык аба майданынан Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана Орусиянын  Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко баштаган топ тосуп алышты.

Маалым болгондой, бүгүн Орусиядан жардам иретинде келген 40 өрт өчүрүүчү унаа расмий түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырылат.