Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Кыргызстанга Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн (байкоочу катары) Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бүгүн Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.