Кыргызстанга «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинди (сүрөт)

Кыргызстанга модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси алып келинди. Бул техника Беларустан сатып алынган жана Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Абадан коргонуу күчтөрүнүн куралдануусунда болот.

Садыр Жапаров 1-февралда жаңы техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты. Техниканын жаңы запастык бөлүктөрүн, байланыш каражаттарын, аткыч куралдарды, танкка каршы жана тик учактын ок-дарыларын, инженердик жабдууларды, снайпердик мылтыктарды, тапанчаларды, гранатометторду, реактивдик снаряддарды жана башка көптөгөн нерселерди карап чыккан.

Мамлекет башчысына МИ-8 аскердик тик учактарынын учуу мүмкүнчүлүктөрү да көрсөтүлдү. Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө эл аралык кырдаал ыкчам өзгөрүп жатканын баса белгилеп, дүйнөнүн ар кайсы аймактарында болуп жаткан куралдуу чыр-чатактар акылга сыйбаган масштабдары жана кесепеттери менен мүнөздөлүп жатканын айтты. «Буга кошумча, маалыматтык согуш жана үгүт иштери менен катар, куралдуу күрөш жүргүзүүнүн башка да аскердик ыкмалары басымдуулук кылып жатат. Азыркы түзүлгөн кырдаал улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты мындан дагы күчтөндүрүүнү талап кылууда», — деди ал.

Мамлекет башчысы 2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактарды жана аскердик техниканы сатып ала баштаганыбызды эскертип өттү. Мындан сырткары, өткөн жылы аскер кызматчыларынын айлык маяналары жогорулады.

Президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалап айтты. Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди.