Кыргызстанга «Pfizer» жана «Sinopharm» вакциналары келди

Кыргызстанга «Pfizer» жана «Sinopharm» вакциналары келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, COVAX механизминин алкагында «Pfizer» вакцинасынын 250 миң дозасы алынган. «Pfizer» вакцинасы менен бирге 111 миң 600 доза «Sinofarm» вакцинасын жана вакциналар үчүн 43 миң 800 бөтөлкө атайын эриткичтерди алды.