Кыргызстанга «Sinovac» вакцинасынын 150 миң дозасы жеткирилди

Кыргызстан «Sinovac» вакцинасынын 150 миң дозасын алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, вакцина Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу келишимдин алкагында жеткирилген. Вакцина 18 жаштан жогору жарандарга сайылат. Эки дозанын ортосундагы аралык 2-4 жума болушу керек.

Министрлик «Sinovac-CoronaVac» вакцинасы COVID-19ду алдын алуу үчүн ДССУнун шашылыш тизмесине киргизилгенин жана ДСУСнун Иммунизациялоо боюнча эксперттик консультативдик тобунун экспертизасынан өткөнүн белгиледи. «Sinovac-CoronaVac»- инактивацияланган вакцина.