Кыргызстанга Сириядан 31 аял жана 64 өспүрүм алып келинди

Бүгүн, 30-августта Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагердеги Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл» иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен 31 аял, 64 жашы жете электер алып келинген.

«Кыргыз жарандарын мекенине кайтарууну ийгиликтүү ишке ашыруусу тышкы саясат, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо чөйрөлөрүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекттик органдарынын жана укук корго органдарынын макулдашылган өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгында ишке ашкан», — дешти.