Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасы келип түштү

Бишкек шаарына Орусиянын коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясы келип түштү. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан тастыкташты.

Буга чейин Орусия Кыргызстанга 500 миң доза вакцина берүүгө макул болгон. Бүгүн, 22-апрелде анын 20 миң дозасы келди. Андан тышкары Кыргызстандын бийлиги «Спутник V» вакцинасын кошумча сатып алуу үчүн каражат издеп жатканын билдирген.