Кыргызстанга “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди (сүрөт)

Кыргызстанга 17-июнда коронавируска каршы Орусиянын “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөр аралык макулдашуусунун алкагында аталган вакцина сатып алынды. “Вакцинаны сатып алууга каражаттар республикалык бюджеттен бөлүндү. Вакцинанын эки компонентинин наркы 20 долларды түзөт”, — дейт ал.

“Спутник V” вакцинасынын 20 миң доза түрүндөгү алгачкы партиясы 22-апрелде келген. Ал эми 10-майда дагы 20 миң доза өлкөгө келип түшкөн. Эмдөө 25-28 күн аралыкта эки ирет жүргүзүлөт.