«Кыркы чыкканга чейин турат». Ошто көрүстөнгө эмне үчүн идиш-аяк коюшат?

Ош шаарындагы Достук кичи районуна караштуу аймакта «Кайырма» көрүстөнү жайгашкан. Аталган көрүстөндөн сейрек көрүнүштү байкаса болот. Бул тууралуу «Турмуш» жазды.

Маалыматка караганда, көрүстөндүн үстүнө чыны, табак, чайнек сыяктуу идиш-аяктар коюлат. Жергиликтүүлөр  анын маанисин деле жакшы түшүнүшпөрүн айтышат. Айрымдар «тиги дүйнөдө да тамак ичишет» дешсе, айрымдары «колдонуп жүргөн идиштери коюлат» дешет.

Тарых илимдеринин кандидаты Сабыркул Арстанов бул көрүнүш ислам дини келе элекке чейинки каада-салт экенин айтат. «Чыны, идиш койгон көрүнүш байыркы мезгилден бери бар. Археологиялык казуулардан билебиз, байыркы сактар колдонгон буюмдарын кошо көмүшкөн. Бул ислам дини киргиче колдонулган. Ислам дини киргенде, буга тыюу салынган. Азыркы учурда айрым жерлерде ошол салтты көрүүгө болот. Кыркы чыкканга чейин идиш коюшат», — деди ал.