Күрөш федерациясы айып короого киргизилген унаа кимдики экенин айтты

«Кечээ, 28-апрелде өткөн маалымат жыйында бирөөнүн унаасын алып кетип жатканын айтышкан болчу. Бул федерациянын башкы катчысы Адинай Кемелованын унаасы экени белгилүү болду». Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде журналисттерге Күрөш федерациясынан билдиришти. 

Спортчулар Айпери Медет кызынын же Мээрим Жуманазарованын унааларын эч ким, эч жакка алып кеткен эмес.

Кечээ, 28-апрелде социалдык тармактын колдонуучулары «Айпери Медет кызы маалымат жыйында отурса, унаасын БШКнын алдынан эвакуатор менен жүктөп кетти» деп жазышкан. Ал эми милициянын кайгуул кызматы эгер унаа спортчу кызга таандык болсо, “Ак-Жолтой” убактылуу токтотуучу айып короо жайынан алып кетсе болорун билдиришкен. Бүгүн спортчу кыз эч кандай жол эрежесин бузбаганын айтып, аны Мээрим Жуманазарованыкы менен алмаштырып алганын билдирген.