Борбор калаанын Ленин районундагы канализация коллекторуна белгисиз нерсе тыгылып калып, анын кесепетинен саркынды суулар агып чыга баштаган.
“Бишкек суу канал” ишканасынан билдиришкендей, ага кышкы куртка себеп болгон. Ишкана мындан ары мындай окуяларга жол бербөө үчүн шаар тургундарын керексиз нерселерди, курулуш материалдарын, памперстерди жана башка буюмдарды канализацияга ыргытпоого чакырды.