«Кыш келе жатат». Депутат Оштогу селден улам 21 үйгө жардам бериле электигин айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Алимбеков Оштун Кара-Суу районунун бир нече айылында сел жүргөнүн, кесепетинен жабыркаган 21 үйгө каржылык жардам болбой жатканын билдирди.

«Быйылкы жылы болгон табигый кырсыктардан улам Кара-Суу районунун бир нече айылдары жабыркаган. Өкмөт колдон келишинче селден зыян тарткан элге жардам берүүдө. Бирок ушул күнгө чейин 21 үйгө өкмөт менен жергиликтүү бийлик тарабынан бир дагы каржылык колдоо боло элек. Комиссия иштеп чыккан. Бир да сом жардам бериле элек. Финансы каражаты чечилбей жатат. Кыш жакындап жатат. Алар бар акчаларына үй салып башташкан», — деди ал.