Кышка даярдык: Суунун аздыгына байланыштуу элге көмүрдү эртелеп алуу эскертилет

Энергетика министрлигинде тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана министрликке караштуу мекемелердин жана энергетикалык компаниялардын өкүлдөрү алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча онлайн форматында жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.
Министрдин орун басары Талайбек Байгазиев күз-кыш мезгилине карата министрликтин жүргүзүп жаткан иштери, электр энергиясын импорттоо үчүн башка мамлекеттер менен түзүлгөн келишим, суунун аздыгы, Бишкек ЖЭБге көмүр ташуу иштери, өзүбүздүн калк көмүр менен толук камсыз болгонго чейин, сыртка көмүр экспорттолбой тургандыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле калкка көмүр сентябрда ташылып баштаарын, ал үчүн топ базаларды даярдоо керектигин, суунун аздыгына байланыштуу электр энергиясын үнөмдөө үчүн элге көмүрдү эртелеп алууну эскертүү, мектеп, бала бакчаларды көмүргө өткөрүү керектиги айтылды. Себеби электр энергиясын үнөмдөө керек. Мындан тышкары электр энергиясы үзгүлтүккө учурабашы үчүн кошумча резервдик жабдууларды даярдоо тапшырмасы коюлду.


Жыйындын катышуучулары күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан иш чаралар боюнча отчет беришип, бардыгы графиктин негизинде аткарылып жатканын жана электр энергиясын үнөмдүү колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын, кышка даярдык 1-октябрга чейин аяктаарын билдиришти. Айрымдары социалдык объектилерди жылуулук менен камсыздоо боюнча анча-мынча көйгөй бар экенин айтып, Энергетика министрлигине чечип берүүнү өтүнүштү. Анткен менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө ремонттук иштерди аткаруу жагынан өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган тийиштүү кызматкерлерге министрлик тарабынан чара көрүлүп, эскертүү берилди.

Министрдин орун басары энергетика тармагындагы “Өзгөчө кырдаал” режиминин алкагында аткарыла турган иштер боюнча жергиликтүү бийликтерге, тийиштүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.