Өзүн Кудай деп жар салып, анын айрым сөздөрү коомчулукта тамашага айланган Арстан Алайдын «кышты жоюп койдум» деген видеосу учурда талкуу жаратып жатат.
«Быйыл эл кыйналып башталды. Көмүр 4,5-7 миң сом, ыш, оорчулук болгондуктан кышты жоюп койдум», — дейт ал видеодо.
Ал арада социалдык тармактын колдонуучулары ноябрь айынын демейдегиден жылуу болуп жатканына таң калып жатышат. Синоптиктердин айтымында, бүгүн, 28-ноябрь жана эртең, 29-ноябрь да өлкөдө күн жылуу болуп, бейшемби, 30-ноябрдан баштап абанын температурасы төмөндөшү күтүлүүдө.