«Биздин милдетибиз 24 саат электр энергия беришибиз керек» деди энергетика министри Таалайбек Ибраев депутаттын «кышында жарык өчөбү?» деген суроосуна жооп берип жатып.
«Кышка аз калды. Элде жарыктын өчүшү боюнча кооптонуу бар. «Көп өчөбү, кандай болот. Биз да даярданышыбыз керек» дешти», — деди депутат.
«Даярдыктарыбыз Кудай буюрса, жакшы. 1 айдын ичинде калган иштерди кылабыз. Аны бүтүрсөк, жарык өчүрүүлөр болбойт. Электр энергиясын колдонуп жаткан объектилерди өчүргөндө алар от жага албайт. Алар жарык менен камсыз болот, былтыр да камсыз болгон», — деди министр.