Кышында кайсы учурда жарык өчүшү мүмкүн? Министр жооп берди

Трансформаторлорго көп күч келсе электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ноябрь айы жылуу болуп, алдыдагы кышка даярдык көрүүгө шарт түздү. «Мезгил-мезгили менен трансформаторлорду кайра жүктөө керек, адатта бир саат, бир жарым саат талап кылынат. Эгерде трансформатордук көмөкчордон биздин объектке жакын болсо, анда биз аны жарым саатта башкара алабыз», — деп белгиледи министр.