Бүгүн, 19-мартта Кытайдын Пекин шаарынан коронавируска каршы вакцинанын партиясы жүктөлгөн учак Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кытайдын өлкөдөгү элчилигинен кабарлашты.
Анда, Кытай гуманитардык жардам иретинде Кыргызстанга COVID-19га каршы вакцинасынын 150 миң дозасын жиберген.
Буга чейин Кытай 150 миң доза «Синофарм» дарысын Кыргызстанга жардам ирээтинде берерин жана ал вакцина 75 миң адамга жетери айтылган болчу.














