Кытай дарыгерлери Бишкекте жана Ошто 600 адамдын көзүнө бекер операция жасайт

Саламаттык сактоо министри Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп, саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуунун келечегин талкуулады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кытай Эл Республикасынын Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Эл аралык кызматташтык борборунун ушул жылдын сентябрь айында “Экспресс ден соолук” долбоорун ишке ашыруу боюнча пландары тууралуу маалымат берген.

Бул долбоордун алкагында 600 кыргызстандыкка катаракта илдетине бекер операция жасалса, анын ичинен Бишкекте 300, Ошто дагы 300 операция жасоо пландалууда.

Операциялар Улуттук госпиталдын жана Ош облустар аралык бириккен ооруканасынын базасында жүргүзүлөт.