Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кечээ, 25-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак району жана Манас шаарындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алды.
Иш сапарында облус башчысы аталган аймактардагы тоннель казуу иштерин көрүп, курулуштун абалы менен таанышты. Ал жумуштарды белгиленген мөөнөттө жана жогорку сапатта бүткөрүү зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды койду. Мындан тышкары, өкүл темир жол линиясына туура келген турак жайларга компенсация төлөө иштерин ыкчамдатуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Тилек Текебаев “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулуш иштерин жеринен көрүп чыкты.