Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча макулдашууга кол коюлду

Бишкекте Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Кол коюу аземине Кытай менен Өзбекстандын да өкүлдөрү катышты. 

Документте долбоорлоо, курулуш иштери, каржылоо, эксплутация жана техникалык иштер тууралуу тартиптер көрсөтүлгөн. 

Садыр Жапаров III Элдик курултайда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун расмий курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.