Кытай Кыргызстанга дагы 540 миң доза «Sinopharm» вакцинасын берет

Кыргызстанга 540 миң доза «Sinopharm» вакцинасы келет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынан орун басары Жылдыз Бакашова менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка караганда, Кытай тарап Кыргызстанга 500 миң доза вакцинаны гумжардам катары берүүнү чечкен. Ал эми 40 миң доза вакцина COVAX программасынын алкагында берилет. 

«Кытай өкмөтү көрсөткөн гуманитардык жардам биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелеринин дагы бир ачык далили болуп саналат жана жалпы коркунучка каршы чараларды күчөтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем», — деди Жылдыз Бакашова.

Буга чейин Кытай өкмөтүнөн гуманитардык жардам катары 300 миң доза «Sinopharm» вакцинасы Кыргызстанга бекер келген.