Кытай Саламаттыкты сактоо министрлигине 63 миллион сомго гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктө бир жолку колдонуучу коргонуучу кийим, кол кап, хирургиялык беткап, коргоочу беткап, көз айнек, бахила, халат, баш кийим, жасалма дем алдыруучу аппарат жана ПСР аппараты болгон. Мекеменин маалыматы боюнча бул жардамдын жалпы суммасы 63 миллион сомдон ашат.