Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинасын бекер берет

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы вакцинасын бекер берет. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Чет өлкөлүк дипломат эки өлкөнүн ортосундагы өзгөчө мамилени эске алуу менен кыргыз тарапка биринчилерден болуп вакцина алып берүү чечими кабыл алынганын белгиледи. Препаратты жеткирүү боюнча техникалык маселелер тараптар ортосунда жакынкы арада чечилет.

Казакбаев көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кадам эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташуусунун далили экенин айткан.

Дипломаттар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилени, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин белгилешти.