Кытай менен Кыргызстандын чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду

9-июль күнү саат 14:54тө Кытай менен Кыргызстандын чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Кытайда жайгашкан.