Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдар мекенге келишти

“Эне-балага тирек” кайрымдуулук фонду менен Хэнань Сионке ооруканасынын кызматташуусунун алкагында Кытайда жүрөгүнө операция жасалган 10 бала Кыргызстанга кайтып келди.

Тубаса жүрөк кемтиги бар балдар жакындары жана дарыгерлер, хирургдар тобу менен бирге ушул жылдын март айынын башында Кытайга дарыланууга жөнөтүлгөн.

Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь айыгып кеткен балдар менен жолугуп жатканына кубанычын жана эки өлкөнүн гуманитардык кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.