Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны 63 адамга жетти

Кытайдын Хэнань провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан жана суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 63кө жетти, беш адам дайынсыз болууда. Бийликтегилер 860 миңден ашуун адамды кооптуу аймактардан эвакуациялады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

«16-июлдан 25-июлга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 11,44 миллион адам табигый кырсык болгон аймакта болуп, жабыркагандардын саны 63кө жетти, беш адам дайынсыз жоголду, облус боюнча 861,9 миң адам буга чейин эвакуацияланган», — деп айтылат билдирүүдө. Дагы 296 миң адам жардамга муктаж.

Провинциянын көптөгөн аймактарында, айрыкча Чжэнчжоу шаарында электр энергиясы жана суу менен камсыздоо иштери азырынча калыбына келе элек, бир катар райондордо байланышты калыбына келтирүү мүмкүн болгон эмес.