Кытайдагы жер титирөө Нарында 2,5 баллга чейин сезилди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 20-майда саат 11:10до Кытайдын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу, Баш-Кайыңды, Казыбек, Жаңы-Көч айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча Кыргызстандын аймагында жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.