Кытай бекер берген «Синофарм» вакцинасынын экинчи партиясы качан келери азырынча белгисиз

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары «Синофарм» вакцинасын дагы бере турганы айтылган. Азырынча аны жеткирүү боюнча так күнү белгилүү боло элек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Кечээ, 24-майда Кыргызстан тараптан вакцинаны кабыл алууга даяр экендиги тууралуу документтер жиберилди. Кытай тарап вакцинаны бекер берүүдө, бирок аны алып келүү жоопкерчилиги Кыргыз өлкөсүнө жүктөлгөн. Вакцинаны алып келүү үчүн мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнгөн эмес жана учурда эл аралык уюмдар тарабынан жардам күтүлүүдө.

Министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова бүгүн, 25-майда брифингдин жүрүшүндө Кыргызстанга жакында Кытайдын «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы келе тургандыгын айтты.

Буга чейин 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасын алган. 22-апрелде Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки этапта жүргүзүлөт. Коронавируска каршы эмдөөдөн соң өлкөдө терс учурлар расмий каттала элек.