Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө жүк алып келүү эмне үчүн кыйынчылыктар жаратып жатканын түшүндүрүп берди.
“Бул Кытай тарап киргизген чектөө чараларынан улам болууда. Бир эле Кыргыз мамлекетине эмес, Кытай менен чектешкен бардык өлкөлөргө карата мындай чаралар каралууда. Азыркы күндө бул маселе чечиле элек. Кытай санитардык талаптарга өтө кылдат мамиле кылууда, товарларды алып өтүү боюнча аткарууга оор алгоритм коюлган”, — деди Новиков.
Анын айтымында, кыргыз тарап Кытай элчиси менен көп ирет жолугушуу өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Учурда “Эркечтамдын” кытай тарабында инфраструктураны өнүктүрүү иштери жүрүүдө. Ал эми “Торугартта” болсо, Кыргыз өлкөсүнүн жагында дезинфекциялык туннелдер курулуп жатат. “Бул иштер убакыт алууда. Түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранам. Бул маселе бир эле кыргыз тараптан көз каранды эмес. Иштер уланууда”, — деди Новиков.