Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө келчү вакцина аба каттамы чектелгендиктен кечигип жатат

«Синофарм» вакцинасынын экинчи партиясы ушул жума ичинде Кыргызстанга келиши мүмкүн. Бул тууралуу  Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенаписова билдирди. Анын айтымында, кечигүү Кытайдан түз алып келүү жок болуп жаткандыгына байланыштуу.

“Вакцина 20-июнда даяр болгон. ЮНИСЕФ аны Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берет. Учурда аба каттамы чектелгендиктен, аталган уюм дарыны Түркия аркылуу чартердик рейс менен жеткирүүнү карап жатат. Вакцинаны жеткирүү Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен көз каранды эмес, аба каттамындагы кырдаалга байланыштуу кечигип жатат», — деди ал.