Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы Бишкек жана Ош шаарларында ички рыноктогу картошка сатуу абалына мониторинг жүргүздү. Бул иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тарабынан берилген тапшырманын негизинде ишке ашырылды.
Эске салсак, 17-мартта жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча өткөрүлгөн кеңешмеде министр бир катар маанилүү тапшырмаларды койгон. Алардын бири — ички рынокто адилетсиз соода жүргүзгөн алып сатарларга каршы рейддерди уюштуруу жана мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу болгон. Айрыкча, Кытайдан импорттолгон картошканы жергиликтүү продукция катары сатуу фактыларын аныктоо негизги максаттардын бири болуп белгиленген. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кытайдан алып келинген картошкалар өлкө рыногунда бар экендиги аныкталды. Бирок алар жергиликтүү, башкача айтканда кыргыз картошкасы катары сатылып жатпагандыгы белгилүү болду. Коңшу мамлекеттен картошканы киргизбей коюуга негиз жок,-дешет адистер. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы келишимдин негизинде, биздин да товарларыбыз Кытайга экспорттолот.
Мындан тышкары, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы картошка өстүргөн дыйкандарга кайрылып, продукцияны өз убагында сатууну сунуштады. Айрым дыйкандар картошканын баасы жогорулайт деген үмүт менен кампаларда сактап жатышканы белгилүү. Сатуучулардын айтымында, учурда рынокто Кытайдан келген картошканын баасы орто эсеп менен 38-40 сом, ал эми жергиликтүү картошка 42-44 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү картошканын дүң баасы 35-40 сомдон болууда.
Адистердин айтымында, жакынкы күндөрү Араван районунда өстүрүлгөн эрте жазгы картошка рынокко чыга баштайт. Бул жагдай баанын өсүшүнө жол бербейт. Ошондуктан, продукцияны узак убакыт сактоо чирип кетүү коркунучун жаратат жана дыйкандар күткөндөй киреше алып келбей, тескерисинче чыгымга учуратышы мүмкүн. Кызмат өкүлдөрү мындай тобокелчиликтер үчүн жоопкерчилик дыйкандардын өзүнө жүктөлөрүн эскертип, рыноктук шарттарды туура баалоого чакырат.