Кытайдын Жаны жыл майрамы: Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» көзөмөл өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Торугарт» өткөрүү пункту 11-февралдан тарта убактылуу жабылат. Көзөмөл-өткөрүү пунктунан унаалардын жана товарлардын өтүүсү 15-февралынан тарта улантылат.

 Ал эми «Эркеч-Там» өткөрүү пункту 12-февралдан тартып убактылуу жабылып, 16-февралдан тарта иштей баштайт.

«Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары Кытай жана Кыргыз өлкөлөрүнүн ортосундагы товарлардын өтүүсүн гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.