«Кыз чалып, түнкү 3тө баламды чакыртыптыр» дейт Орусияда бычакталган 17 жаштагы жигиттин апасы

Буга чейин Ички иштер министрлиги маалымат таратып, Орусияда 2 кыргызстандык бычакталганын билдирген. Алардын бири ооруканага жаткырылып, экинчиси —  17 жаштагы Анвар Кубанычбек уулу каза болгон. Анын сөөгү 26-мартта Нарын облусунда жерге берилген. SUPERTV телеканалына дал ошол окуяда уулун жоготкон эне кайрылып, акыйкаттык издеп жатканын билдирди.

«Анвар Орусияга былтыр февраль айында кеткен. Атасы жок чоңойгон уулум эркек киши издедиби, айтор, жолдошумдун бир тууганына кеткен. Жанына барып, балдарын карап турайын деген. Уулум атасынан 7 жашында калган. Жалгыз тарбия берип келгем. Эл көрүп, жер көрүп келейин деп 2 айга эле кетип, созулуп кетти. Анан ушинтип каргаша болуп кетип жатпайбы. Баламды түнкү 3тө, уктап жаткан жеринен чакыртып алышыптыр. Мээрим деген кыз балама 15 жолу чалып атып, чакыртып алган. Ошол кыз чакыртып, өлүмгө алып келди. 4 шектүүдөн тышкары, окуяда 3 кыз бар. Азыр 1 эле бала отурат. Үчөө бош жүрөт. Ал жерде бычак болгон. Келип туруп эле бир жолу бычак сайып, баламды өлтүрүп салышты. 3 шектүү бош жүрөт, мен чырактай болгон баламан ажырап отурам», — дейт ыйлаган апасы.