«Күз келгенче бул маселени бүтүрүүбүз керек». Министр бир катар окуу жайлардын жылытуу системасын карап чыкты

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жаңы окуу жылына карата даярдыкты текшерүү максатында Бишкек шаарындагы министрликке караштуу бир катар окуу жайларды кыдырып чыкты.

Иш сапардын алкагында министр жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын жана С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын жалпы абалы, материалдык-техникалык базасы менен жеринен таанышышты. Министр окуу бөлмөлөрүн, устаканаларды кыдырып, бир катар инфраструктуралык көйгөйлөрдү — өзгөчө жылытуу системаларынын абалына көңүл бурду. Министр тиешелүү башкармалыктардын жана окуу жайлардын жетекчилерине катуу талап коюп, суук түшкөнгө чейин жылытуу системаларын толугу менен жаңылоо иштерин дароо баштоону милдеттендирди.

«Күз келгенче бул маселени бүтүрүүбүз керек. Бул — сунуш эмес, милдеттүү түрдө коюлган талап. Студенттердин жана окутуучулардын жылуу, коопсуз шартта билим алышын камсыз кылуу — бул жетекчиликтин түз жоопкерчилиги. Аталган иштер өзгөчө көзөмөлгө алынат», — деди министр.

Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы жана С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайы — өлкөбүздө чыгармачыл кадрларды даярдоочу башкы борборлордун катарын түзөт. Бул окуу жайлардын билим берүү шарттары заманбап стандарттарга жооп берүүгө тийиш. Министрликтин максаты — чыгармачыл багыттагы билим берүү мекемелеринин сапатын түп-тамырынан жаңылоо жана улуттук деңгээлдеги таланттарды өстүрүү үчүн татыктуу шарттарды түзүү.