Күздө маданият кызматкерлеринин маянасын көтөрүү пландалууда

Быйыл күзүндө Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлөт. Бул тууралуу 31-мартта “Азаттыктын” “Эки бир” көрсөтүүсүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, кайсы мекемеге канча пайыз кошуларын азыр Экономика жана каржы министрлиги эсептеп жатат.

Бизде кээ бир жерлерде 3-4 миң сом айлык алгандар бар. Опера жана балет театрыныкы 10 миң сомдун тегереги. Ал эми цирк, китепкана дегендерде 3-4 миң айлык алгандар бар»,- деди Иманалиев.

Өкмөттүн маданият кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу соңку чечими 2020-жылдын май айында кабыл алынган. Анда айлык 80 пайызга чейин көбөйөрү айтылган.

Кыргызстанда 22 театр оюн-зоок мекемеси, эки филармония, бир куурчак театры, 40 райондук маданият бөлүмү, 40ка жакын райондук китепкана, 30дай райондук музей, 1 миңдей айылдык клуб бар.