Күздө Памирдеги кыргыздарга атайын экспедиция гумжардам алып барат

Министрлер Кабинети Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн жардам көрсөтүү боюнча кеңешме өткөргөн.

Кеңешменин жыйынтыгы менен ушул жылдын күз мезгилинде гуманитардык экспедиция уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилгени айтылат.