«Күзгүнү караган сайын ыйлайм» дейт пластикалык операциянын курмандыгы болгон кыз

SuperTV телеканалына Бишкектеги клиникалардын биринде пластикалык операция жасатып, бирок жыйынтыгына нааразы болгон кыздар кайрылышты. Бири 170 миң сом, экинчиси 100 миң сом төлөп, учурда күзгүгө каранган сайын ыйлап жатышканын айтышат.

«Бизге клиника моралдык жана материалдык жактан компенсация төлөп берсин. Биз күзгүнү караган сайын ыйлайбыз. Акчабызды берип, дарыгер ишин токтотсун. Менин мурдум кыйшайып, кирип кеткен. Жакшы дем ала албайм. Ыйлайм, стресс болуп жатам», — дейт ал.