«Күзгүнүн сыныктары табылган». Имамидин Ташовдун дагы өзүнө кол салганы маалым болду

«KG Group» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бүгүн, 17-декабрда №1 СИЗОнун камерасында курсагынын оң тарабын кесип салганын Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

СИЗОнун кызматкерлери тинтүү учурунда дааратканадан күзгүнүн сыныктарын табышкан. Ташовдун камералашы окуя болгон учурда уктап жатканын, эч нерсе көрбөгөнүн айткан. 

СИЗО-1дин дарыгерлери Ташовго жардам көрсөтүп, андан соң Тез жардам кызматын чакырып, ал Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген. Керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин кайра СИЗО-1ге киргизилди. «Учурда Ташовдун абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.

6-декабрда Имамидин Ташов Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурумдун аягында белгисиз нерсе менен мойнун бир нече жолу тилип жиберип, эс-учун жоготкон. 

30-октябрда да ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Буга чейин УКМК бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн Ташовду кармаган.